Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл аймагында көрүстөндөн жай алуу үчүн эки миң сом төлөм киргизилди. Бул тууралуу маалыматты аталган айыл аймактын башчысы Эркинбек Тойгонбаев SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, эки миң сом төлөм Жаңы-Жол айыл аймагында каттоосу болбогон, коңшу айылдан же башка жактан келген адамдардын сөөгүн жашыруу үчүн гана алынат.
"Биздин айылда “Демилгелүү коом” деген муниципиалдык ишкана түзүлгөн. Ал жактан түшкөн акча ошол ишкана аркылуу, кайра эле ошол көрүстөндөрдү жакшыртууга жумшалат. Бул акчанын биздин айыл өкмөттүн бюджетине бир да пайдасы жок. Бул чечимди жергиликтүү кеңеш кабыл алган. Биз аны туура көрүп аткарып жатабыз", - деди Жаңы-Жол айыл аймагынын башчысы Эркинбек Тойгонбаев.
Аталган айыл аймакта 8 көрүстөн бар. Бул айыл райондун борбору менен чектеш болгондуктан башка айылдан келип Жаңы-Жолдогу көрүстөндөргө сөөк жашыргандардын саны арбын.
"Азыр түрдүү диний агымдар да чыгып жатат. Бир-эки жолу баптисттер коюлган да факт болгон. Ошол үчүн мүрзөлөрдү имам же күзөтчүнүн уруксаты менен гана муниципиалдык ишкана аркылуу сөөк жашырууга киргизип жатабыз. Биздин айылга коңшу айылдардан, башка жактардан кимдердин сөөгү жашырылып жатканын көзөмөлгө алып турууну максат кылганбыз", - деп кошумчалады Тойгонбаев.
Ал эми Токтогул районунун башчысы Майорбек Сатымкулов аймакта көрүстөндөргө сөөк жашырууга жай берүү үчүн төлөм киргизилгени боюнча маалыматы жок экенин айтты.
"Ал көрүстөндөгү жайлар үчүн акы алууга негиз жок. Бул тууралуу мурда сөз болгон. Бирок жер кеңири болгон үчүн маселени караган эмеспиз. Бул болбогон маалымат", - деди район акими Сатымкулов.