Ичи шишип, бир жылга жакын төшөктө жаткан Майрамбек Качкынов боорун алмаштыруу зарыл экендигин SUPER.KG порталына айтып берди.
"Буга чейин ден соолугум аябай жакшы болчу. 2008-жылдан тартып ооруп баштадым. Дарыгерлер гепатит-Б дарты деп аныкташты. Акыркы бир жыл аралыгында төшөккө жатып калдым. 7 ай мурда ичим шишип баштады. Дарыгерлер боорду алмаштырууну сунуш кылышты. Бирок ал үчүн 41 миң доллар керектелет экен. Операция Индияда жасалат дешти. Жашоодон үмүт кылып коомчулуктан акча чогултуп баштадым. 100 миң сомдой чогулганда оорум курч мүнөздө кармап реанимацияга жатып калдым. Чогулган акча жумшалып кетти. Эми айлам кетип эмне кыларымды билбей жатам. Бир туугандарымдын бири боорун берүүгө даяр", - деп билдирди Качкынов.
Майрамбек Качкынов Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тургуну. Учурда 30 жашта. Бүгүнкү күндө борбор калаада батирлердин биринде жашайт. Майрамбектин келинчеги тигүү цехинде иштеп, үй-бүлөсүн багат.
"Абалым оорлошуп жатат. Ичимден суу чыгат. Ал үчүн атайын түтүкчө орнотуп коюшкан. 3 балам бар. Балдарымдын ата деп эркелегенин көрүп ыйлагым келет. Чоң суммадагы акчаны табуу жолун далай жолу ойлондум. Бирок мүмкүнчүлүк жок болууда. Бир туугандарым каралашып жатат. Алар деле кара жумушта иштеген карапайым адамдар", - деп кошумчалады Качкынов.