“Үйдө жалгыз” комедиялык тасмасында Кевиндин атасы Питер Маккалистердин образын чагылдырган актёр Жон Хёрд 72 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо кызматтары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, актёрдун денеси Калифорниянын Пало-Альто шаарындагы мейманканалардын биринен табылган. Азырынча өлүмдүн келип чыгуу себеби аныктала элек. Бирок жакынкы күндөрү анын омурткасына операция жасалганы белгилүү болгон.
Жон Хёрд 1980-жылдардан тарта ар түрдүү тасмаларда роль жаратып жүргөн. Жеке жашоосуна кайрылсак, буга чейин 3 жолу үйлөнүп, 3 жолу ажырашкан. Учурда 2 уул, 1 кызы бар.