Индиялык алып баруучунун үстүнө пальма дарагы кулап каза болду

Индиянын “Doordarshan” мамлекеттик телеканалынын директору жана алып баруучусу 58 жаштагы Канчат Натты пальма дарагы басып калып каза болду. Бул тууралуу“Daily Mail” басылмасы маалымат таратты.

Белгилүү болгондой, кырсык шаар четиндеги Мумбаи Чембур аймагында катталган. Алып баруучу йога ийриминен чыгып, үйүн көздөй бара жатканда капысынан пальма дарагы кулап кетип, анын үстүнө түшкөн. Окуя ошол жердеги видеокамерага тартылып калган.

Кырсык болгон жерге "Тез жардам" кызматы келип, аны ооруканага алып кеткен. Бирок катуу сокку менен түшкөн оор салмактагы дарактан көп жаракат алган алып баруучу ооруканадан жан берген.

Индияда журналистти пальма дарагы басып калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
TIMON_BERKOWITZ
2017-07-23 13:18:00
Ажалы жеткен экен да..
+3
Gulnaz.GS
2017-07-23 13:20:16
олум айттырбай келет деген ушул да ээ
+5
Kuba-savai87
2017-07-23 13:56:42
Дал озуно тийиптир го ажалы жетиптир да
+3
Begimkyz
2017-07-23 14:15:34
Эки кадам алдыда же аркада болуп калса аман калмак экен. Бейигин берсин!
+1
dastan_nookat
2017-07-23 14:30:07
Оо кудай дал озуно тийгенин
-1
ZHYRGAl1412
2017-07-23 14:41:46
Озубузго олбой тургандай болуп сезилебиз бирок ажал жетсе минтип 5секунд ошон учун акыретти дагы ойлош керек
+5
AzKumFerDan
2017-07-23 15:54:59
Кырсык каш кабактын ортосунда .Ажалын жетсе амал жок!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан