Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев 22-июлда балдар үчүн сүт азыктарын чыгарган ишкананын абалы менен таанышып чыгып, мекемеде 30 жылдан бери иштетиле элек жабдуулар бар экенин айтты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
"Сүт азыктарын чыгарууга бардык шарттар бар туруп Кыргыз жериндеги балдарды жана энелерди сүттөн жасалган тамак-аштар менен камсыздай албай эл аралык уюмдарга жардам сурап кайрылып жатабыз. Кырдаалды жөнгө салууну ойлонуу керек. Кыргыздагы шарттар менен балдарды жакшы өстүрө албайбыз. Балдардын тамак-ашы үчүн институт же улуттук борбор ачуу кажет", - деди министр.
Бишкектеги балдар сүт азыктары ашканасынын өндүрүш боюнча жетекчиси Ольга Кривошеина сүт Ысык-Ата районунан алып келинерин айткан.
"Сүттү алып келгенден кийин бардык тийиштүү текшерүүлөрдөн өткөрүлөт. Мурун сүттөн жасалган азыктар көп өндүрүлчү. Убакыттын өтүшү менен жабдуулар иштен чыгып калды. Суроо-талап дагы азайды. Буга акысыз бериле турган азыктар үчүн каражаттын азайышы да себеп болушу ыктымал. Биз даяр болгон азыктарды күн сайын эртең менен үй-бүлөлүк медициналык борборлоруна жеткирип барабыз. Тийиштүү документтер, тизме менен медайымдар кабыл алышат", - дейт Кривошеина.
Ал учурда ишканада биолакт, быштак жана башка азыктардан 2 жарым миң порция өндүрүлө турганын, ондогон жылдар мурун көрсөткүч 12 миңге жеткенин белгилеген.