АКШнын Коннектикут штатында өткөн Chance the Rapper аттуу хип-хоп аткаруучунун концертинен соң 90 адам алкоголь ичимдиктерин көп ичип алган деп ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу аталган аймактын укук коргоо органдары жергиликтүү маалымат кызматтарына маалымдашкан.
Белгилүү болгондой, ырчынын концертине келген көрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгүн 20 жаштагы жеткинчектер түзгөн. Көрүүчүлөр концертте спирт ичимдиктерин ичип, жыйынтыгында 90 адам нормадан ашыкча ичип алгандыктан ууланып, ооруканага жеткирилген. Алардын көпчүлүгү жашы жете элек өспүрүмдөр экени аныкталган. Бир түндө уулангандардын саны көп болгондуктан жергиликтүү ооруканаларга батпай, айрымдарын Хардворд шаарынын четиндеги бейтапканаларга жиберишкен. Концертке жалпысынан 21 миң адам келген.