Түркмөнстандын мурдагы президенти Сапармурат Ниязовдун алтын жалатылган эстелиги алынды

Түркмөнстандын мурдагы президенти Сапармурат Ниязовдун Ашхабаддагы Ички иштер министрлигинин имаратынын алдындагы алтын жалатылган эстелиги алынды. Бул туурасында аталган өлкөнүн маалымат каражаттары жарыялады.

"Эстеликтин тегереги оңдоо иштерине байланыштуу төрт ай мурда курчалган. Анда өлкө бийлиги Ашхабаддын борборуна 2000-жылдардын башында тургузулган мурдагы президенттин эстелиги алына тургандыгын кабарлаган эмес. Азырынча эстеликтин эмне себептен алынгандыгы да белгисиз бойдон калууда. Түркмөнстанды 1985-2006-жылдар аралыгында башкарган Сапармурат Ниязовдун тушунда өлкө боюнча анын жүздөгөн эстеликтери тургузулган. Ашхабаддын борборунда 1998-жылдан бери турган Ниязовдун алтын жалатылган ири статуясы 2011-жылы башка жерге көчүрүлгөн. Расмий маалыматтарга ылайык, аны көчүрүү үчүн өлкө бюджетинен 50 миллион АКШ доллары бөлүнгөн", - деп айтылат жарыяланган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Izdeim_seni.
2017-07-24 10:31:33
usurapkorchylyk dep yshyny ait.
+3
Medina87
2017-07-24 11:35:09
Менимче; Алтын жалатылган эмес таза алтындан жасалса да эстелик деген эстелик. Кылган эмгеги эл оозунан тушпой урпактан урпакка аныз болуп айтылып журсо мына ошол эстелик!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан