Нарын. Катуу шамал бир нече мекеменин чатырын учуруп кетти

19-майда болгон катуу шамалдын кесепетинен Нарын шаарындагы бир катар турак үйлөр, мекемелер жана мектептердин чатырлары кыйроого учурады.  

 

2007-жылы мектептин чатыры толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөн. 19-майдагы катуу шамалда чатырдын бир тарабы кыйрады. Тийиштүү орган шамалдын ылдамдыгы секундуна 25 метр болгон деп ченеп, ӨКМга маалымат бериптир. Ал эми ӨКМнын тизмесине кирип жардам ала албайт экенбиз. Анткени алар секундуна 35 метр ылдамдыктан жогору болгон шамалда жабыр тарткан мекемелерге гана жардам берүүгө милдеттүү экен”,- дейт шаардагы №1-Токтогул атындагы орто мектептин директору Бакытбек Найманбаев.  

 

Мындан сырткары шаардагы “Жаштар ордосунун” чатыры жана башка турак үйлөрдүн чатырларын да шамал учуруп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан