Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Кытайдын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

20-майда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ци Даюй эки тараптуу кызматташтыктын абалын талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштары туруктуу өнүгүп жаткандыгы белгиленди. Өкмөт башчы ушул жылдын август айында Бишкекте боло турган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешине катышуунун алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапарына даярдык көрүү чоң мааниге ээ экендигин белгиледи. Өз кезегинде элчи өкмөт башчысын эки тараптуу кызматташтыктын бардык багыттарындагы мамилелерди мындан ары да чыңдоого аракет жасай тургандыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан