Маколей Калкин “Үйдө жалгыз” үй-бүлөлүк комедиясынын башкы каарманы Кевин Маккалистердин ролу менен дүйнө жүзүнө атагы чыккан. Тилекке каршы, тасмадагы кичинекей актёр жетилген соң чыгармачылыктагы карьерасынан алыстап, ал гана эмес өз келбетине да жакшы кам көрбөй калган. Чет элдик басылмалар мунун себебин анын ичимдик менен баңгизаттан көз каранды болуп калганына байланыштырып келишкен.
Себеби 2004-жылы актёр 17 грамм марихуана жана колдонууга тыюу салынган заттар менен кармалган.
Ал эми 2012-жылы сүйүктүүсү, актриса Мила Кунис менен эки ажырым жолго түшкөн соң өз өмүрүн кыюуга аракет кылган деген маалымат коомчулукка желдей тараган.
Соңку жылдары өз келбетине анча кам көрбөй сакал-мурутун албастан, чачын узун кылып өстүрүп жүргөн актёрду АКШлык папараццичилер ушул жылдын 23-июль күнү Лос-Анжелестеги дүкөндөрдүн биринен сүрөткө тартып алышкан. Анда Маколей Калкиндин чачы кыскарып жана келбети мурункуга караганда бир топ жакшырып калганын көрүүгө болот.
Чет элдик басылмалардын жазганына таянсак, ал күнү Калкин америкалык актриса Бренда Сонг менен жолугушкан.
Учурда сүйүктүү актёрунун жагымдуу көрүнүшүнө кубанган күйөрмандары анын жаңы сүрөтүн социалдык тармактарга бөлүшүп, баңгизатты таштап, кайрадан кино тармагына киришерине үмүттөрү чоң экенин жазышууда.