Ысык-Көл облусунда жазгы талаа жумуштары жыйынтыкталууда. Маалыматка ылайык, быйыл облус боюнча жалпы 118 485 гектар жер айдоого белгиленген. Анын ичинен 86 849 гектарына дан эгиндерин себүү жана картошка отургузуу милдети коюлган. Бүгүнкү күнгө карата айдоо жумуштары 90,7 пайызга, себүү жумуштары 90,8 пайызга бүттү.