Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөп, тасма анын үй-бүлөсү менен Нарынга болгон сапарында тартылганын билдирген.
Мамлекет башчысынын кызы аталган облуска барганда жаратылыштан да, анын жашоочуларынан чоң таасир алганын жазат.
"Мен бул видеону бир канча күн мурун эле топтоштуруп бүттүм. Бирок Нарынга болгон сапардан алган күчтүү таасирди кандай сүрөттөөрүмдү билбей жүрдүм. Биз тынч жашаган ак жүрөк адамдарды, ачык-айкын жүргөн балдарды, ишенимдүү иттерди көрдүк. Бир жароокер аял жумшак колдору менен наристеге кантип кам көрүү керектигин үйрөттү. Эми уулубуз жаздыкка башын койгондон 2 мүнөттөн кийин эле уктап калып жатат. Таирдин төрөлгөнүнө 4 ай болгону менен, анын Кыргыз өлкөсүнө болгон саякаты кээ бир чоң кишилердикинен көп. Нарынга болгон сапарыбыз мен ойлогондон да кызыктуу болду. Бактылуу болгонумдан ыйлагым келди. Мен ыйладым. Түнкүсүн түрдүү, жагымдуу ойлор келип уйкум качты, короого чыгып асмандагы жылдыздарды карадым. Алардын чоңдугунан жана көптүгүнөн башым айланды, бактылуулук сезимдеримден улам Костяны ойготуп ал менен кол кармашып каткырып-күлүп, кыйкырып кайдадыр бир тоолорго качып кетким келди, бирок мен алардын баарын өзүм гана сезүүнү чечтим. Мен бул жакка жаза албаган түнкү сезимдеримди өмүр бою эсимде сактап калам. Албетте, менин видеого тартып, топтоштуруу чеберчилигим ал сезимдерди жеткирип бере албайт. Жүрөгүндө бүтүндөй сүйүү уялаган адамдар жашаган Кыргыз өлкөсүндө туулгандыгым үчүн рахмат. Аларды интернеттен таппайсың. Алар жашоого, өкмөткө, аба ырайына нааразы болушпайт. Алар жөн гана жашашат. Алар жөн гана бактылуу жана балалык жарааты, зыяндуу адаттары жок бактылуу балдарды тарбиялашат. Алардын сыры - зомбулук тарбияда эмес, эркиндикте жана сүйүүдө", - деп жазат Шагиева.