ЭЛДИК КАБАР: "Жайнаган президенттикке талапкерлердин арасында жолдун ортосуна чейин салынган дубалды ордуна жылдырчулар барбы?" дейт окурман

Ысык-Көлдө салынып жаткан жол тургундардын жер тилкелерин кыскартып жатканын окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Булан-Сөгөтү айылына жол салынып жатат. Айылдагы жарандардын жер тилкелерин кыскартып жатышат. Ал эми казактарга таандык "Flamingo Ltd" эс алуучу жайы жолдун ортосуна чейин дубал куруп жатат. Аларга эч ким унчукпайт. Жайнаган президенттикке талапкерлердин арасында казактардын пансионатынын дубалын ордуна жылдырчулар барбы?" - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Ысык-Көлдүктөр талапкерлерге кайрылышат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
grace
2017-08-05 13:05:41
Ушул чет өлкөлүктөр көптү, биздин жепжутарларды болбогон акчага сатып алышат да каалаганын жасайт. Эл өзү колго албаса эч нерсе чечилбей калды го...
+14
Leilektik
2017-08-05 13:33:25
Ушул маселени которуп чыгыш керек болбосо калат ошол бойдон жерден куру калабыз,
+13
Hadyja
2017-08-05 13:52:35
Колдуктор,озунор эле биригип,бирдеме кылбасанар,президенттердин колу бошобойт го.
Эл камы биякта калып,оз камы учун жугуруп журушот
+12
grace
2017-08-05 13:55:58
Бирөө демилге көтөрүп чыккыла, эл колдоп петиция болсо добуш топтойбуз.
+9
CEO
2017-08-05 14:10:50
Дубалды ордунан жылдыруучу эмес, ошол пансионаттарды улутташтырган президент керек... Биздикилер улутташтырса кайра аукционго коюшат. Улутташтырылдыбы, мамлекеттин (Окмоттун) карамагында калыш керек......
+7
tuki
2017-08-05 14:29:20
Тура мен да Колдукмун понсионат гектарлаган жерди элейт кичине кыскартса ээси деле билбей калчудай карапайым калктыкы озу эле тар жер ошону да кыскартып атышат
+5
Azatbek83
2017-08-05 14:54:24
Президент болойун созсуз Казактын дубалын жылдырам дейт да Президент болуп алгандан кийин унутуп элди алдап.Бул жерди Акаев Бакиев Атамбаевтер сатып жиберишиптир дейт ошону менен унутулат.Булда сериал Санта-Барбара.
+5
grace
2017-08-05 14:58:42
Өзбектердикин алдык, эми казактарга да кезек келер.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан