Дааратканадан табылган ымыркайдын абалы канааттандырарлык экени айтылды

Кечээ Арча-Бешиктеги дааратканадан табылган ымыркайдын абалы канааттандырарлык. Ага ооруканада жандандыруу бөлүмүндөгү аппарат аркылуу тамак берилип жатат. Дем алуусу жакшы, өрчүүсүндө кемчиликтер жок. Бул тууралуу 1-августта Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Эске салсак, 31-июлда Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн бириндеги дааратканадан ымыркайдын ыйлаганы угулган. Үйдүн ээси жаңы төрөлгөн кызды ал жерден алып чыгып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп берген. Наристе Бишкектеги №3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгы, анын абалы оор экендиги кабарланган. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, ымыркайдын энеси изделип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
doni-beku
2017-08-01 13:17:29
Кандай гана адамдар бар эх бири зар балага бириге кор бала(((
+15
zinaniz
2017-08-01 16:09:34
doni-beku,алар адам эмес айбандар
+2
Pandora
2017-08-03 02:32:48
zinaniz,Айбанда баласын кордобойт,коргойт.
Алар жырткычтар!!!! Оо жаратканым андайжырткычтарга бала бергенден коро,бизге окшогон балага зарларга бала берип кубантчы
0
adimyrza
2017-08-01 13:17:41
Аллахка шугур омуру узуун бактылуу кыздардан болсун
+16
RusMos76
2017-08-01 13:21:34
Таап атасына да апасына да катуу жаза бериш керек
+4
arno2008
2017-08-01 13:39:08
Ушул кызды кантип багып алса болот?жооп алып бериңиздерчи.
+12
BekAmir
2017-08-01 13:44:26
Алла шыпаа берип омуру узун бактылуу кыз болсун. Жакшы контоль кылгыла эми сатып жиберишпесин.мага беришсе балдарыма кошуп багып алат элем
+9
Aruwka.89
2017-08-01 13:49:48
ИИ кагылайын омуру узун акыл эстуу ыймандуу кыз болуп чонойсун жакшы уй булого туш болсун
+6
nazi25
2017-08-01 14:00:14
Омуру узун кыз болсун
+3
Hadyja
2017-08-01 14:18:45
Эки дуйнодо бактылуу кыздардан болсун!Буйурса,жакшы ата-энелуу болсун!
+7
bakulya2015
2017-08-01 14:57:26
Тооба кылдым. Ар бир инсан адашат бул таштаган адам деле онойчулук менен таштабаса керек кудай озу кечирсин
+5
Oreanda
2017-08-01 16:29:42
Аллага чексиз шугурлор болсун!!!аябай тынчсызданып жаттым эле,эми толук айыгып кетсе экен.
+4
aliya150715
2017-08-01 23:10:59
тооба кантип таштады экен жакшы ата энеге туш болсун
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан