“Жер Үй" алтын кенин өзүбүз иштете албайбыз, буга сөзсүз инвесторлордун жардамы керек, дүйнөлүк стандарт ушундай”. Мындай пикирди вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүн, 21-майда берген маалымат жыйында билдирди. Айтымында, Кыргызстанда бардык кенди мамлекет өзү иштеткенге мүмкүнчүлүгү аз, жок дегенде биргелешип иштөө мүмкүнчүлүгү болушу керек.
"Мисалы, Кеминдеги кенди мамлекет чет элдик инвесторлор менен бирге иштетип жатат, 60 пайызы инвесторлордуку болсо, 40 пайызы кыргыз тараптын карамагына өтөт. Акчанын баарын инвесторлор салып жатат, тобокелчилик ошолордун мойнунда. Биз мына ушул сыяктуу стандарттар менен иштесек болот",- дейт Т.Сарпашев.
Ал белгилегендей, кен иштетүүдө компаниялардын ачык-айкындыгы камсыздалышы керек.
"Албетте, өзүбүздө мүмкүнчүлүк болсо, өзүбүз иштетмекпиз. Бирок тоо кен тармагы өтө чоң акчаны талап кылуучу тармак экенин эске алышыбыз зарыл. Ошондуктан биз бул тармакты инвестициясыз жылдыра албайбыз",- деди вице-премьер-министр.