ЖКнын Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитети Бакыт Төрөбаевди вице-спикерликтен түшүрүү маселесин колдогон жок

Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитети вице-спикер Бакыт Төрөбаевди кызматтан түшүрүү боюнча "республикачы" айрым депутаттардын сунушун жабык эшик артында талкуулады. Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү Төрөбаевди вице-спикерликтен түшүрүү демилгеси мыйзамсыз деген чечимге келишти. Айта кетсек, мурдагы "Республика" фракциясынын депутаты Бакыт Төрөбаев фракциядан чыгып, учурда депутаттык топко мүчө. Буга байланыштуу анын экс-фракциялаштары кесиптешинин вице-спикерлик кызматты аркалоого укугу жок экендигин айтышып, аны артка чакыртып алуу маселеси боюнча төрагага кайрылышкан болчу.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан