Өлкөдөн ЕАЭБдин аймагына темир жол аркылуу жүк ташып чыгуу 2016-жылы 33 пайызга өскөнү айтылды

ЕАЭБдин аймагына темир жол аркылуу жүк ташып чыгуу 2016-жылы 2015-жылга салыштырмалуу 33 пайызга өстү. Бул тууралуу ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча коллегиясындагы мүчө Адамкул Жунусов Евразиялык интеграциянын алкагында транспорт жана инфраструктураны өнүктүрүүгө байланышкан маселелер боюнча 2-августта Бишкекте өтүп жаткан жыйында айтты.

Жунусов ЕАЭБге мүчө болгон 4 мамлекеттин базарында Кыргыз мамлекетинен чыккан товарлардын көлөмүнүн өсүүсүнө жакшы шарттар болуп жатканын кошумчалады.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов жыл башынан бери ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен унаа аркылуу жүк ташуунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу өскөнүнө токтолду. "Казакстан менен 13, Орусия менен 2,5, Беларусь менен 5 пайызга өстү", - деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан