Борбор калаадагы Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына барып, медиктер менен жолугушканда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү кесипкөй кадрлар үчүн чоң ролду ойной турганын билдирди. Ал кыргыз өкмөтү медициналык кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүү маселесин карай турганын айтты. Мындай жагымдуу кабарды белгилүү дарыгерлер дагы кубатташууда. Тѳмѳндѳ алардын айрымдарынын пикирине ортоктош болуӊуздар.
Сабырбек Жумабеков, медицина илимдеринин доктору, профессор:
“Бул абдан жакшы жөрөлгө”
- Өкмөт башчысынын бул кадамы эң жакшы жөрөлгө деп айтар элем. Анткени 2011-жылдан бери бул тармакка жакшы көңүл бурулган жок. Ошол жылдагы премьер-министр Алмазбек Атамбаев биздин дарыгерлердин айлык маянасын 2 жарым, 3 эсеге чейин көтөргөн. Андан бери канчалаган инфляция болуп кетти. Бүгүнкү күнү базалык ставка деген бар. Маселен, 8 жыл окуп келген жаш адис колго 4 миң сом алат дегенди билдирет. Ошол эле маалда көчө шыпырган кызматкерлер андан кѳбүрѳѳк алат.
Азыр бизде билимге карабай калганбыз. Мен толугу менен премьер-министрдин демилгесин колдойм. Дени сак элдин келечеги болот. Бизге жаңы ооруканаларды куруу керек. Медицинабызга жаңы технологияларды киргизип, модернизациялоо зарыл. Эң биринчи элдин ден соолугунан баштаган эң туура деп эсептейм. Сооронбай Жээнбековдун калкыбыздын саламаттыгы боюнча жасаган кадамдарын колдойм.
Калдарбек Абдраманов, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, профессор:
“Премьер-министрдин медицинага көңүл бурганы дарыгерлердин ичин жылытат”
- Албетте, медициналык кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүү, сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык жардам көрсөтүү, кесипкөй кадрлар менен камсыз кылуу тармактын өнүгүшүндө чоң ролду ойнойт. Жогорку квалификациядагы адистерди даярдоо жана жаңы, жаш кызматкерлер менен тармакты камсыздоо үчүн аларга татыктуу эмгек акысын киргизүү менен ыңгайлуу жумуш шарттарын түзүү да зарыл. Бирок тармакты түп тамырынан бери оңдоо үчүн азыркы 25 жылдан бери иштеп келе жаткан медицинанын каржылоо системасын кайра карап чыгууга муктаж. Жаңы жана ички каржылоо булактары болбосо медицина карыз акчага, гранттар менен же жардам акчалар менен өнүкпөйт. Ошондуктан ушул көйгөйлөргө өкмөт жетекчисинин көңүл буруп, жаңы талаптарды коюп жатканы биздин медиктердин ичин жылытып, келечекке чоң үмүт арттырат! Ушул жаатта премьер-министрдин тармактын тажрыйбалуу мекеме башчыларынын иштери менен таанышып, ойлорун угуп жатканы да алкоого татыктуу көрүнүш.
Кеңеш Ырысов, медицина илимдеринин доктору, профессор:
“Мындай демилгенин жүзѳгѳ ашышы – кадр маселесин чечет”
- Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун медицина кызматкерлери боюнча айткан сунуш, максаттары эң туура. Азыркы убакта медицина кызматкерлеринин маянасын көтөрмөйүнчө ак халатчандарды жумушка кызыктырыш кыйын эле болуп жатат. Андыктан эң биринчи кезекте дарыгерлердин маянасын көтөрүш керек.
Экинчиден, дарыгерлер жакшы иштеши үчүн материалдык мыкты шарттарды түзүп берүү зарыл. Ошол эле ооруканалардын абалын, тиешелүү аппараттарды оңдошубуз зарыл. Ушул жерден мен бир сунушту жолдоп кетким келет. Алыскы бийик тоолуу аймактарыбызда жогорку билимдүү дарыгерлерибиз жетпей жатат. Ошол аймактарыбызга мыкты дарыгерлерди тартыш үчүн аймактарда иштеген ак халатчандардын айлык-акысына коэффицентти кошуу менен 2 эсеге чейин көтөрүү зарыл болуп турат. Ошондо биздин алыскы аймактарыбыздагы барбаган жерлерге деле дарыгерлер барып, айрыкча жаш кадрлар региондорго барып иштеп келишмек. Ар бир адамдын эмгеги татыктуу түрдө бааланышы керек да. Мисалы, “Кумтөрдө” деле 15 күн вахтада туруп, күндүн ысык-суугуна карабай иштеп келип жатышпайбы. А биздин дарыгерлер күнү-түнү дебей бейтаптардын оор абалда турганында кирпик ирмебестен, дем алыш күндөрү да кээде түштөнүүнү билбей иштеп жатышпайбы.
Ысык-Көлдөгү сезон маалында автокырсыктар көп болуп жаткан шартта дарыгерлер күнү-түнү калктын саламаттыгы үчүн кирпик ирмебей иштеп жатышат. Байкасаңар, азыр биздин дарыгерлердин маянасынын аздыгынан айрым кесиптештерибиз бизде иштебей, Орусия, Казакстанга иштегени кетип жатышат. Эгерде дагы бир же эки жылда айлык акыны көтөрүү каралбаса кыргыз медицинасы күчтүү кадрларды жогото баштамак. Биринчи кезекте медицинаны түзгөн кызматкерлер болуп саналат. Андыктан кесиптештерибиздин айлыгын көтөрүү учурдун талабы болуп турат.