ЖКнын Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети бүгүн, 21-майда өкмөттүн 2012-жылдагы жасаган иштери боюнча отчётун караган жок. Жыйында депутат Карганбек Самаков кечээ, 20-майда парламенттеги көпчүлүк коалиция отчётту “канааттандырарлык” деп баалагандыктан, аны карабай эле коюу сунушун берди. Ал эми депутат Улукбек Кочкоров комитетке тиешелүү маселелерди талкуулоо керектигин айтты. Жыйынтыгында комитеттин көпчүлүк мүчөлөрүнүн чечими менен отчёт каралган жок.