Адамдын кийиминде сойлоп жүрүүчү кичинекей роботтор пайда болду

Массачусетс технологиялык институтунун окумуштуулары магниттин жардамы менен адамдын кийиминде сойлоп жүрө ала турган кичинекей роботторду ойлоп табышты. Алардын түсү кийимдин өңүнө жараша ар түрдүү. Роботторду кийимдерди кооздоо үчүн гана эмес, капюшонду чечүүгө жана аксессуарларды тагууга да колдонсо болот.

Өзгөчө технологиянын авторлорунун бири Синди Синь-Лю Као кийин мындай роботтор адамдын алмашкыс жардамчысына айланарын билдирген.

“Келечекте роботтордун интеллекти өөрчүсө, адамдын адаттарын, кийинүү стилин өздөштүрүшөт. Ал эми көлөмү кичинекей болуп чыга баштаганда, кийимдин стили менен жакшы айкалышып калат”, - деген ал.

Азырынча роботтордун көлөмү өтө кичинекей эмес болгондуктан, дароо көзгө урунат. Бирок кийимге чынында эле өзгөчөлүк тартуулайт.

Кийимде сойлоп жүрүүчү роботтор пайда болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Aima94
2017-08-03 11:32:49
Жакында такыр эле адамдар шал болуп эч нерсе кылбай калат ошого жеткирет минтип роботтор чыкса
+1
kechirmeni
2017-08-03 11:55:49
Техниканын онуккону жакшы бирок бул буюм оорулууга же шал адамга кобуроок керек болгудай. Баарын эле робот кыла берсе адамда аз кыймылдуулук пайда болот, ойлоо мумкунчулугу чектелет. Бул буюмду адамдар колдонсо прогресс эмес регресс болот.Адам дени сак болуу учун коп кыймылдап мээни коп размимка кылдырып турушу керек
+2
ZHYRGAl1412
2017-08-03 13:30:34
Только кыздардын кокурогунун устундо журот окшойт
0
admin_superstan
2017-08-03 14:10:22
rios.07,этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
karasuu
2017-08-03 17:33:13
Шумдугун кур! Капюшон чечкени Кудайым озумдун колумдан койбосун!
0
AykaMer
2017-08-03 17:42:56
Робот болгон жакшы. Иштен чарчап келсен баары даяр. Балдарына да карап турат. Нянька и домработницанын да кереги жок болуп калат,акча эконом....))
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан