Банкага шыкалган шпроттор: Ысыкка чыдабаган миңдеген кытайлыктар бир убакта сууга түшүштү

Кытайдын Ляонин провинциясында бир убакта миңдеген адамдар бассейнге түшүштү. Бул туурасында кечээ, 2-августта аталган өлкөнүн маалымат каражаттары жарыялады.

"Эс алуучулар ысыктан коргонуу үчүн сууга түшүүгө келишкен. Алар айланасындагы көпчүлүккө карабай бири-бирине тоскоолдуксуз, жасалма толкундары бар аквапаркта эс алышты. Булардын алыстан тартылган сүрөттөрүн көргөн окурмандар тамаша иретинде "банкага шыкалган шпроттор" деп аташууда", - деп жазылат маалыматтарда.

Кечээ, 2-августта Лянонин аймагында абанын температурасы +31 градуска жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bars_wire
2017-08-03 10:14:05
Кокуй кыргыз болуп торолгонумо шугур.
+2
datkayimjan
2017-08-03 10:35:28
Шпрот жолдо калгандай
+1
aika0906
2017-08-03 11:15:07
31 градуска эле ушунча болуп атышса охоооо. биз 39/41 градуста деле журобуз го.
+4
Saidochka
2017-08-03 13:49:44
aika0906,ошону айтсан...
+1
nazira...
2017-08-03 13:03:56
кудай сактааа, кыргызстандан айлан деп ушуну айт да.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан