Алмазбек Атамбаев: "1916-жылдагы көтөрүлүш жана Үркүн кыргыз элин ойготуп, мамлекеттүүлүгүнө карай жол салган"

Бүгүн, 3-августта президент Алмазбек Атамбаев 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук көтөрүлүшүнүн курмандыктарын эскерүү күнүнө байланыштуу кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

"1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана Үркүн каргашасынын жылдыгын жалпы эскерип жатабыз. Кыргыздар чачырап барып, аз жерден жок болуп кете жаздаган бул окуя бир жыл мурда - 100 жылдыгында мамлекеттик деңгээлде белгиленип, акыры тарыхтагы акыйкат ордун алды.

Элибиздин тарыхындагы эң трагедиялуу барактардан болгон бул каргашаны ондогон жылдар бою улуттук эс-тутумдан жоготуу аракеттери болгон. Эгемендик жылдарында жигердүү жана патриот жаштардын тарыхый чындыкка жетүү аракеттери жогору жактан ойдогудай колдоо таппай калган.

2016-жылы биз элибиздин моюнунда 100 жыл бою оор жүк болуп келген ыйык парзыбызды өтөдүк. Кыргыз мамлекеттүүлүгү үчүн жанын берген чыгаан уулдарыбыздын сөөгү жашырылган "Ата-Бейитте" 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштө шейит кеткендерге эстелик тургуздук.

1916-жылдагы көтөрүлүш жана Үркүн кыргыз элин ойготуп, мамлекеттүүлүгүнө карай из салган. Андан кийин дагы көптөгөн жоготууларга карабастан, элибиз изги тилегине жетти. Кыргыз өлкөсү - азыр дүйнөдө, региондо өз орду бар келечектүү өлкө! Биз Тарыхтан таберик болуп келген мамлекетибизди жана эркиндигибизди көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
mir777
2017-08-03 11:14:15
окуган жокмун, жон гана минус басканы кирдим бул кишиге
+11
R_u_S
2017-08-03 11:25:40
mir777,+++
+9
kychan.98
2017-08-03 16:42:58
Атамбаев 1916-жылдагы уркунду 2010-жылдап баштап 2017-жылга алып келдин.канчалаган кыргыздар бешиктен бели чыга элек улан кыздарыбыз чет олкого кетип жатат тентип ошого сен кунолуусун
+4
aibars
2017-08-03 12:02:30
Атасыбай сен башкалардын эркиндигине колунду тийгизбе.
+10
PROS
2017-08-03 12:34:19
Эхх, акыбалыбызга мышык ыйлайт. Эркиндик үчүн күрөшкөн ата-бабаларыбыздын арбактары да чыйпылыктап жүргөн чыгар, азыркы "эркиндигибизди" көрүп...
+10
alishsapan
2017-08-03 13:22:46
Чачырап кете жаздаган кыргыздар 1916.ж.дейт азыр эмне болуп атат мага окшоп тентип иш издеп чет олкодо иштеп жургондор канча жаман катындарга окшоп ушакташты арызданышты жакшы озголоштургон жакшы ээл башчы чачырандыны чогултуп койот болчу курук эле убада менен Эдди убара кылбай
+5
ZHYRGAl1412
2017-08-03 13:39:03
alishsapan,ар бир адам озуну озу багыш керек бизге озбек тажиктердин козу куйот тентип журбой бир нерсе ойлоп таппайсынбы анда кытай япондорго окшоп кыргызстандай чыкпай журмоксун
-4
alishsapan
2017-08-03 13:55:51
ZHYRGAl1412,бир нерсе ойлоп тапкам мен эркекмин пешене терим менен табам сага окшоп ХХХХ
+2
admin_superstan
2017-08-03 14:52:47
alishsapan, этика нормаларын сактаңыз .Эскертүү!
0
ZHYRGAl1412
2017-08-03 13:41:52
Кыргызстандагы озбектер журушот кыргызстандале байып жатышат ош жалалабад баткендеги кафе чайхана самсакананын баары озбектердики ушинтип кыргызстандын ичинделе байып жатышат аларды ким байытып атат биз кыргыздар озубуз неге биз ошолордун кылганын кылбайбыз
0
mbmur
2017-08-03 13:56:58
Атамбаай доодуройсунда доодуройсун.Ушул жерге кирип окусан кана комментерди.Ушул эле жерден элдин маанайын билмексин.
+5
Jarookerjan
2017-08-03 16:25:34
Окугум да,айткандарын уккум да келбейт.Суйлосо тим эле кыргызга куйгон,олкону суйгон адамдай болот.Суйлогон создору менен кылган иштери копчулук учурда карама каршы болуп калат.Кудай коруп турат деп туруп кылгылыкты кыла берет экен.Тили башка,дили башка эки жуздуу адамдай сезилет.Эми алдын ала баарын даярдап алып таза шайлоо болооруна ишенем деп журот.
Откондо бир докладында азыр элдин 87%ы мени колдойт дейт.Тан калдым кайдан алды экен мындай маалыматты деп.
+7
CEO
2017-08-03 16:38:48
Дагы дооруп коюптур го.... Уркун кыргыз мамлекеттуулугуно жол салган деп кайсы логикага таянып айтыптыр Атамбаев?!!...
+4
Alberttoo
2017-08-04 03:58:47
Атамбаев! Кыргыз элим дунуйонун торт бурчуна чачырап кетти го...... же чачыранды кыргыз элими сен ишенген Жээнбеков жыйнайбы???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан