Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда 60 жаштагы Бурмаш Акматованын өлүмүнө айыпталгандардын иши боюнча соттук отурум жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта SUPER.KG порталына маркумдун уулу Нурлан Султанов билдирди.
"Белгиленген соттук отурум өтпөй калды. Анткени айыпталып жаткан Нарын Токтошевдин жактоочусу келбей койду. Бул күнү соттун чечими чыгарылып, өкүм окулмак. Эми кийинки соттук отурумду 2-сентябрга калтырышты", - деп билдирди Султанов.
Эске салсак, 22-февраль күнү Бишкектеги Тыныстанов көчөсүндө 60 жаштагы Бурмаш Акматованы белгисиз адамдар өз үйүндө өлтүрүп кетишкен.