ӨКМ: "Өлкө аймагындагы токойлордо өрт чыгуу коркунучу жогору болууда"

Өлкө аймагындагы токойлордо өрт чыгуу коркунучу жогору болууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Өлкө аймагындагы токойлордо өрт коркунучу жогору болууда. Өзгөчө Талас, Лейлек, Базар-Коргон, Аксы, Жети-Өгүз, Нарын райондорунун токойлорунда өрт чыгышынын коркунучу жогору. Мындан сырткары Аламүдүн жана Токтогул райондорунун токойлорунда өрт чыгуу коркунучу орто", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эске салсак, акыркы айларда талаалар, кургак чөп күйгөн фактылар катталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан