Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушундагы үйлөрдүн бириндеги дааратканадан табылган ымыркайдын абалы күндөн-күнгө жакшырууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта SUPER.KG порталына Бишкек шаардык №3-балдар ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбеков билдирди. Анын айтымында, учурда ымыркай өз алдынча дем алууда жана упчу эмип калды.
Буга чейин наристенин жакындары табылбаса ооруканадан чыгарылгандан кийин балдар үйүнө которула тургандыгы маалымдалган. Бул боюнча Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин бөлүм башчысы Гүлмира Ахматова коомчулук арасында жаңы төрөлгөн ымыркайды багып алууну каалагандар бар экендиги айтылып жатканы менен, министрлик баланы асырап алууга берүү боюнча иш алып барбай турганын билдирди.
"Азыр ымыркайдын апасы изделип жатат. Ал табылса кандай чаралар көрүлөт белгисиз. Балким, энелик укугунан убактылуу ажыратылат, эгер андай болсо кыз убактылуу багууга башка жерге берилет. Эгер энеси баласынан баш тартса анда министрликтин райондордогу бөлүмдөрүнүн атайын түзүлгөн комиссиялары багып алууну каалагандарды каттайт. Акыркы чечимди сот кабыл алат, багып алууну каалаган үй-бүлөгө ымыркайды асырап алууга болобу, болбойбу анын баары соттун чечими менен жүрөт", - деди Ахматова.
Эске салсак, 31-июль күнү дааратканадан табылган ымыркай оор абалда №3-шаардык балдар үйүнө жеткирилген. Айы, күнүнө жеткен ымыркай 3 килограмм 390 грамм салмакта төрөлгөн.