АКШнын президенти грин-карт лотереясын жокко чыгарууну сунуштады

АКШнын президенти Дональд Трамп грин-картты алуунун эрежелерин өзгөртүүнү сунуштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, ал эки сенатор менен бирге АКШда жашоо укугуна ээ болуу үчүн жүргүзүлгөн лотереяны жоюуну сунуш кылган "The RAISE" деген мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Ага ылайык, грин-картты алуу үчүн кезекке англис тилин жогорку деңгээлде билген, жакшы кирешеси бар, АКШга пайдалуу кесиптин ээси болгон адамдар тура алат. Президенттин пикирине караганда, грин-картты утуп алуунун азыркы схемасынан улам Америкада аз айлык алып иштеген иммигранттардын саны көп, кийин аларга жөлөк пул төлөнөт.

"Грин-картты алуунун азыркы системи 1990-жылы кабыл алынган. Анын эрежесине ылайык, грин-карт лотереянын жыйынтыгынын негизинде берилет. Лотереяга АКШга аз иммиграция болгон өлкөлөрдүн жашоочулары катыша алат. Жыл сайын АКШга жашап, көп жылга чейин иштөө укугуна 50 миңге жакын адам ээ болушат. Грин-карттын жардамы менен Американын жараны болуу мүмкүнчүлүгү бар", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nursultanbek
2017-08-03 21:27:57
урматтуу супер инфо америкага бекер окуу боюнча маалымат берип койгулачы сураныч мен азыр англис тилин уйронуп жатам жанагындай грант аркылуу окугум келип журот аябай жакшы болмок маалымат берсениздер )) кутом заранее рахмат!!!!!
0
admin_superstan
2017-08-04 11:18:20
nursultanbek, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
erkeleim
2017-08-03 21:56:15
Менин кошунамын эжеси уткан грин карт 10 жыл болуп калды
0
AKCAHAT
2017-08-04 00:56:15
Ушуну кылмак, тим эле алтын чача тургансып суйунушподу беле Трамп утканда.
+1
Almaz_kg
2017-08-04 23:02:08
кыргыз сүйүнгөн эмес. өрүстар сүйүнүп "трамп памп пам" деп ырдашкан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан