Германиянын канцлери Ангела Меркель эс алууга бир эле кийим кие турганы белгилүү болду

Германиянын канцлери Ангела Меркель жолдошу менен 5 жылдан бери бир эле кийим менен, бир эле Италиянын Орта тоолоруна эс алууга бара турганын Daily mail басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, сарамжалдуу канцлер Италиянын тоолоруна, башкаруучулукту убактылуу токтотуп, жолдошу Иоахим Зауэр менен эс алууга 2013-жылкы өргүүсүндө кийген кийимдерин эле алып келген.

"Сүрөттөр Меркель 2013-жылдан бери кызыл чакмактуу көйнөгүн жана ачык түстөгү кенен шымын башка кийимдеринен артык көрө турганынан кабар берет. Ал өзүнүн жолдошу Иоахим Зауэр менен 2013-жылы да ушул эле жерде, ошол эле кызыл чакмактуу көйнөгүн, ачык түстөгү шымын кийип эс алган", - деп жазат басылма.

Анын бул кийими Италиянын башка аймагында эс алып жүргөн Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэйдин кийиминен кийин көңүлдү бурган. Ал өз кезегинде кызгылт көйнөк кийип жүргөн. Көйнөгүнүн баасы 2300 сомдой болгону үчүн сынга кабылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Hadyja
2017-08-03 20:19:27
Жакшы,туура.Канча улуу болсо,ошончо кичуулукту кармануу деген ушу.
Мен деле кийимге коп маани бербейм,кийимге маани бербеген адамдарды да жакшы кором.Негизинен таза,сапаттуу болсо болду.
Меркель,Стив Джобс,фейсбуктун негиздоочусу,ж.б. атактуулар жонокой жашоосунда жонокой журушот.
+13
laboom
2017-08-03 20:37:13
Kantip ele, andai dele emes bolush kerek? Bir Jolku es aluusunda ar kaisi jerden tartishsa kerek. Merkel molodez!
-4
Medina87
2017-08-03 20:43:51
Кийим десе мен да эт-бетимен тушуп калган жан эмесмин. Озумо ынгайлуу кийимимди мен да жылдар жылса да, Мода озгорсо да кие берем.
Эми атактуу айымдар болгон учун элдин оозу элек болуп жаткан турбайбы.
+5
miss2014
2017-08-03 20:56:46
Ха ха мен да ага окшош экенмин ,бир кийимди 5-6жыл кийем
+4
evra_kg
2017-08-03 21:03:55
Жонокой аял ушул алтын палтын эч нерсе менен иши жок
+5
AKCAHAT
2017-08-04 00:54:06
Озуно ток, козу ток адам гана акчасы жыйылып турса дагы жонокой кийинет жонокой жупуну журот мамилеси дагы ошондой болот, ал эми кедейликтен кутулуп колуна кичине акча кармап кичине курсагы тойсо озунчо дизайнерский уйлордон кийинип, бутиктерден кийинип анысын баланча долларга алдым деп мактанган аялдар кулкуну келтирет)))
+5
iaau
2017-08-04 01:03:14
Адам канчалык боюн которбосун, буту жерде турганын унутбаса болду.
+3
aragorn11
2017-08-04 03:01:48
Мына жонокойлук
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан