Франциянын президенти Эммануэл Макрондун ишмердүүлүгүнө оң баа бергендердин саны азаюуда. Изилдөө жүргүзгөн YouGov уюму сурамжылоого катышкан франциялыктардын 36 пайызы гана анын ишмердүүлүгүнө карата жакшы пикирин билдиргендигин жарыялаган. Бул боюнча бүгүн, 3-августта чет элдик маалымат булактары жазууда.
Ага ылайык, бул көрсөткүч Макрондун президенттикке келгенден бери аны колдогондордун саны 13 пайызга кыскаргандыгынан кабар берет.
Сурамжылоого катышкандардын 49 пайызы Макрондун ишмердүүлүгү канааттандырбай тургандыгын айтышкан. Ушундай эле баага премьер-министр Эдуар Филипп да ээ болгон. Сурамжылоого катышкандардын 37 пайызы гана анын ишмердүүлүгү канааттандырарлык экенин айтышкан.
Сурамжылоо 26-27-июлда жүргүзүлүп, ага миңден ашык адам катышкан.