Түштүк Сахалинде имараттын 5-кабатынан кулаган Кыргыз жараны 8 айдан бери эсине келбей жатат (фото)

Түштүк Сахалинде Ильяз Токтоназаров аттуу Кыргыз жараны курулуп жаткан имараттын 5-кабатынан кулап түшүп, 8 айдан бери эсине келбей жатат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 3-августта Сахалинде иштеп жүргөн Артур Атаев аттуу жаран кабарлады. Анын айтымында, Токтоназаров көп кабаттуу үйдө курулушта иштеп жатып 2016-жылдын 9-декабрында кокусунан 5-кабаттан кулап кеткен. Токтоназаров кырсыктан улам башынан катуу жаракат алган.

"Учурда ал Сахалиндеги Ф.С.Анкудинов атындагы шаардык ооруканада жатат. 9-декабрдан бери эсине келе элек. Дарыгерлер Кыргыз жерине алып кетүүнү сунушташты. Ал үчүн 300 миң рубль акча керек болгондуктан ата-энесинин каражаты жок, бул жакта иштеген кыргыздар акча чогултуп жатышат. Учурда 100 миң рублдан ашык акча чогулду. Эгерде каражат чогулуп калса, бир дарыгер аны Кыргыз мамлекетине чейин коштоп бара турган болууда. Бул жакта учурда келинчеги жана иниси карап жатат. Ошондуктан колунда бар адамдардан жардам берүүнү суранабыз", - деди Атаев.

Ал Ильяз Токтоназаров Жалал-Абад облусундагы Чаткал районуна караштуу Айгыр-Жал айылынын 41 жаштагы тургуну экендигин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
betatek-2011
2017-08-03 19:43:01
Жардам беребиз.Кимге которуш керек ,толлук маалымат жазыпкойгула,арким колунан келишинче которот.
+23
Demi80
2017-08-03 20:26:37
Мен да жардам берууго даярмын.Кимге ,кай жака акча которот айта кетсенер суранам!?
+16
Dante
2017-08-03 23:00:33
Аллахым шыпаа берсин
+12
nurian
2017-08-03 23:15:00
Кудайым берсин омурун айыгып кетсин балдарынын карегинде болсун
+8
Fidel
2017-08-03 23:48:00
Им байкуш аябай эле арыктап кетиптир, Аллах таала оорусуна шыпасын берип уй булосуно аман эсен жетип алсын Ооминь! Байкуш кор тиричиликтин айынан ушуга дуушар болду да!
+11
Va.vasm
2017-08-04 00:36:07
Маалыматты тактап берсенер жакшы болмок. Жардам берууну каалагандар бар. Бирок, жакшылап текшергиле алдамчылыгы жок болсун.
+4
Rifle_I
2017-08-04 00:37:54
Башынан алган жарааты оор экени көрүнүп турат го, деформация болуп. Чыгарып жатканда выпискасын да жүктөсөңөр.
+3
AzKumFerDan
2017-08-04 02:51:01
Кудай э Айыгып кетсин
0
grace
2017-08-04 06:04:15
Кайран кыргыз элим...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан