Ички иштер министрлигинде алты атайын кызмат түзүлдү

Ички иштер министрлигинде алты атайын кызмат түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, атайын кызматтар мыйзамдуулукту, коомдук тартипти сактоо, жарандардын укугун жана эркиндигин коргоо, кылмыштуулук менен күрөшүүнү күчөтүү максатында түзүлгөн.

Жаңы түзүлгөн кызматтарга жетекчилер дайындалды.

1. Нурмат Болпонов, Криминалдык милиция кызматынын жетекчиси;

2. Азамат Араев, Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматтын жетекчиси;

3. Скандарбек Көчөрбаев, Ички иликтөө кызматынын жетекчиси;

4. Талантбек Үмөталиев, Тергөө кызматынын башчысы;

5. Улан Бийбосунов, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы туруу боюнча кызматтын жетекчиси;

6. Сапарбек Асаналиев, Коомдук коопсуздук кызматынын жетекчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nurik838383
2017-08-04 14:31:29
Эмне кереги бар эле
0
daak9191
2017-08-04 15:32:24
Ошо да чачача кылып
0
Azamat_15
2017-08-04 15:38:26
Чача мача да?
0
PROS
2017-08-04 16:59:38
Пикет митингге каршы түзүлсө керек баары. Просто кой терисин жаап коюшту да.
+1
tular
2017-08-04 22:55:17
Буларга да каражат кетет турбайбы эми
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан