Бүгүн, 4-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровду колдоо митингинде "баш аламандык уюштурган" деп айыпталып кармалгандардын иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Анын жүрүшүндө айыпталуучу Байгазы Казиев көрсөтмө берди.
"Митинг учурунда кагылышуу болуп, атайын багыттагы күч кызматы чыгып курал менен аткылап башташты. Досумду милиция казматкерлери сабап алып кеткенде мен аларды коркутуу максатында таш алгам. Бирок эч кимди урган жокмун. Бир учурда мени жарандык кийимчен бирөө чалып кулатты. Андан соң 10дой милиция кызматкерлери мени сабашты. Эсимди жоготуп коюптурмун. Бети-башым көгөрүп, таяк жеп жатсам да ооруканага алып барышкан жок. Мени ким сабады, эмне үчүн сабады деп бир дагы милиция кызматкери сурап койгон жок. Сабаган милиция кызматкерлеринин үстүнөн арыз жазып бир жумадан кийин кайра арызымды кайтарып алдым. Анткени майнап чыкпайт деп түшүндүм. Митингдин башталышында Сабыр Жапаров жаңжал кылбагыла, сабырдуу болгула деп айтып кетип калды", - деп билдирди Казиев.
Ошондой эле айыпталып жаткандардын дагы бири Анарбек Бейшебаев дагы көрсөтмө берди.
"Мен такси кызматын аткарып жүргөм. Ал күнү бир киши келип ири акча берди. Аны майдалоого акча жетпей балдардан алып берем деп УКМКнын алдына кетти. Аркасынан акчаны алуу үчүн барып митингге катышып калдым. Ошол учурда кагылышуу болуп мени милиция кызматкерлери сабап автобуска салышты. Андан соң атайын багыттагы күч кызматкерлери курал менен чыгып атып жатышты. Ал учурда мен автобуста элем. Мен бул күнү капысынан катышып калдым", - деди Бейшебаев.
Соттук отурумдун жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочу менен жактоочулардын ортосунда пикир келишпестик орун алды. Чырдын чыгышына прокурордун жактоочуга "тоскоол жаратпаңыз, сот залынан чыгып кетиңизчи" дегени себеп болду. Ал учурда айыпталуучулардын бири Рустам Жапаров прокурорго "сиз жактоочуну сот залынан чыгарып жибергидей кимсиз?" деп суроо салды. Ал эми жактоочу "сиз өзүңүздүн статусуңузду билип алыңыз" деди. Чырдашкандарды сот токтотту.
Соттук отурум 7-августка жылдырылды.