Бүгүн, 4-августта өлкөнүн бир катар аймактарында 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук боштондук күрөшүндө курман болгондорду эскерүү иш-чаралары өткөрүлүп жатат. Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада "Тарыхтын эскирбес тагы" аттуу көргөзмө ачылып, ага Үркүн тууралуу китептер, гезиттерге жарыяланган макалалар, тарыхый изилдөөлөр сүрөттөрү менен коюлду. Көргөзмөнүн ачылыш аземине коомдук бирикмелердин өкүлдөрү, тарыхчылар, жазуучулар жана башка маданият өкүлдөрү келишти.
"Үркүндө курман болгон канчалаган адамдардын сөөгү көмүлбөй жатат. Аны топоздор жешет, топоздун этин биз жейбиз. Ата-бабаларыбыздын сөөктөрүн көмбөй коюу - биздин маңкуртчулугубуз. Кыргыз мамлекетиндеги 2005-жылкы революция Жалал-Абадда, 2010-жылкы революция Таласта башталган. Ал эми 1917-жылдагы Улуу Октябрь революциясынын башталышы деп 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук боштондук күрөшүн айтсак болот", - деди "Үй куруучулар" тобунун башчысы Бейшенбек Абдразаков.
Мындан сырткары коомдук уюмдардын бири жана Октябрь райондук администрациясы тарабынан Бишкектин Түштүк дарбазасындагы Үркүндүн курмандыктарына арналып орнотулган эстеликке гүл коюу аземи өтүп, куран окулду. Улуттук боштондук үчүн күрөштүн курмандыктарын эскерүү иш-чаралары Боом капчыгайына барып боз үй тигип, мал союп, куран окутуу менен уланарын уюштуруучулар билдиришти.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 2008-жылдын 18-апрелиндеги токтомуна ылайык, август айынын биринчи аптасынын жума күнү - "Улуттук боштондук үчүн күрөштүн курмандыктарын эскерүү" күнү деп белгиленген.