Орусиянын Москва шаарына жумуш издеп барып, кырсыкка кабылган А.Караеванын абалы турукташып, бейтапканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта активист Улан Кошматов социалдык баракчасына жазып чыкты.
"Караеванын абалы туруктуу. Ооруканадан чыгып азыр үйдө эс алып жатат. Элчиликтин кызматкерлери Москва шаарынын прокуратурасына арыз берип көзөмөлгө алып, карап жатышат. Буюрса, баары жакшы болот деген үмүттөбүз", - деп жазган Кошматов.
Эске салсак, буга чейин Караева кырсыкка кабылып, эс-учун жоготкон абалда бейтапканага жеткирилген.