Стамбулда Манас баатырдын айкели орнотулду (фото)

Түркиянын Стамбул шаарындагы Халич өрөөнүндө Манас баатырдын эстелигин орнотуу иши аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта жеке ишкер Темирлан Сарлыкбек уулу SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, эстеликти айкелчилер Токталы Мурзакаримов, Садабек Ажиев, Сейитбек Калбаев жана алардын шакирттери 8 айда жасашкан. Ал эми Манастын келбетин иштеп чыгууда Кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиев, академик Абдылдажан Акматалиев, манасчылар Рыспай Исаков, Улан Исмаилов жардам берген.

"Айкелдин моделин иштеп чыгууга 7-8 ай, курууга 8 ай кетти. Ал 120 миң доллар (8 миллион 200 миң сомдой) акча каражатына тургузулду. Ар бир эл өз баалуулуктарын жайылтууга, таанытууга жана алардын сакталып калышына кам көрүшү керек. Эстеликти ушул максатта орноттук. Манас атабыздын айкелин орнотууда көмөктөшкөн досторума, Түркиянын Кыргыз мамлекетиндеги элчилигине, Стамбулдун мэриясына, Кыргыз өлкөсүнүн Стамбулдагы консулдугуна, Анкарадагы элчилигине ыраазычылыгымды билдирем", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
omurbek1990
2017-08-05 10:28:42
Ото сонун чыгыптыр.
+9
Beka1986
2017-08-05 10:59:45
Найзасы же кылычы же калканы жокго колунда.Улакчылардан айырмасы жок болуп калыптыр
-2
nursiyanur
2017-08-05 13:35:29
Beka1986,Кылычы туратко Акуланын моюн жагында
+3
Farhad.baku
2017-08-05 19:30:38
Beka1986,антип айтпай жур
-1
Talantbargy
2017-08-05 11:01:59
Манас баатыр менин да сенин да жалпы кыргыз элинин сыймыгы.
+10
Aidar.Mamalak
2017-08-05 11:19:23
Эн жакшы иш
+7
Riokyrgyz
2017-08-05 11:19:27
Кыргызстандагы айкелине караганда 10 эсе жакшы экен.
+7
grace
2017-08-05 11:39:49
Эң жакшысы Филармониянын алдында жайгашкан эстелик, ажыдаары коштоп турган. Мен Манас атабыздын ошондой элестетем. Эми бул эстелик дагы жакшы болуптур. Кудайым жар болуп Манас атабыздай президент буюрсун элибизге!
+10
AzKumFerDan
2017-08-05 11:50:24
Эн сонун
+5
Benazir08
2017-08-05 11:53:57
Ар олкого красок го жакшы экен бирок биз кыргыздар ото коралбаган эл окшойбуз откондо Ошто сквер бар экен го Али Кемаль дейби аны Турктордуку дер жаман коруп атканбыз
+4
Nazaralikarakulja
2017-08-05 12:07:49
Молодец Айкол Манасты баардык эл корсун
+5
admiral
2017-08-05 12:12:40
Орнотулган жер сооенун экенго
+5
aselushka
2017-08-05 13:34:48
Бизде деле Колдун жээгине орнотушса сонун болсо керек
+3
Leilektik
2017-08-05 13:59:13
Реклама просто
-3
legion-arbat
2017-08-05 15:18:22
Мына эстеликти ушинтип жазап,эки жагын кооздойт.Биздин эстеликтердей кантип болсун эптеп эле чампалап койсо болду.Авторлрого ырахмат...
+4
Firdaus-Muslim
2017-08-06 00:15:21
Жакшы жаңылык! Алга Кыргыз алга!
0
asil-08
2017-08-06 00:50:21
Ээх кудай Кыргыз элибизге бир боор ачып кылычка сап боло турган, Кыргыз элибизге куйо турган президентти буюргун оомин, куну туну ошону тилеймин оомин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан