Ош шаарынын Масалиев көчөсүндөгү №55-үйдүн жанында жаткан таштанды тазаланды. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта SUPER.KG порталына Ош тазалык ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Урнадагы таштандылар өз убагында алынып жатат. Масалиев көчөсүндөгү 55-үйдүн жанындагы таштанды маалымат түшкөндөн кийин бир аз убакыт кечигүү менен алынды. Ишкананын техникалары айрым учурда жетишпей күтүп калууга туура келүүдө. Бирок мүмкүнчүлүккө карап абал жөнгө салынып жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, буга чейин окурман Масалиев көчөсүндөгү №55-үйдүн эки тарабында таштанды алынбай, "жагымсыз жыт чыгып жатат" деп билдирген.