Жалал-Абадда жыл башынан бери мэрлик креслону талашып келе жаткан шаардык кеңеш экинчи ирет тарап кетүү коркунучунда турат

Жалал-Абад шаардык кеңеши алгач 2016-жылдын 11-декабрында шайланып, шаар башчысын шайлоодо бир чечимге келбей быйыл апрель айында тараган. Депутаттарды шайлоо 28-майда мөөнөтүнөн мурда кайра белгиленип, анда КСДП, “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Республика” “Өнүгүү”, “Ата Журт” партиялары шаардыктардын колдоосун тапкан. Бирок мезгил жылдын жарымынан көбүн артка калтырганы менен, жергиликтүү кеңеш ушул убакка чейин тил табыша албай анын кедергиси шаардын өнүгүүсүнө таасир этүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Турдаалы Темирбаев билдирди.

“Бүгүнкү күндө шаардык мэрия толук кандуу иш алып бара албай жатат. Себеби бюджет бекитиле элек. Азыр бир канча капиталдык курулуштар, анын ичинде мектеп, бала бакчалар үчүн абдан зарыл болгон куруу иштери бүгүнкү күнгө чейин токтоп турат. Бир канча инвестициялык ири келишимдер макулдук болбогондуктан карала элек. Депутаттар менен макулдашылып жасала турган маселелердин баары азыр чечилбей, ишке ашпай турат”, - деди Темирбаев.

Шаардык кеңештеги курамына КСДП, “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Республика” фракциялары кирген көпчүлүк коалициянын лидери Сайдулла Чымбердиев партиялардын башы бирикпегендиктен алардын тарап кетүү коркунучу бар экенин айтты. Ал депутаттардын бирдиктүү мунасага келе албай жатышын мэрлик кызматтын талашка түшкөнүнө байлады.

Азыр бийлик талашуу эле болуп жатат. Биз мэр КСДПдан болсун деп жатабыз. Башка партиялар деле талапкерлерин сунушташсын. Алар өтпөй турганына көзү жетип жатат. Эми булар келбей койсо биз баары бир эртеби, кечпи тарайбыз. Азыр биз тарасак да ошого чейин шаардык бюджетти бекитип анан тарайлы деп, азчылыгы жок эле көпчүлүк коалиция бюджетти карап баштадык. Эми азчылык жок карасак болбойт деп, коркуп отура берсек кышка даярдык жана башка көп иштердин аткарылышы кечигип, мындан шаар миллиондогон зыянга учурап калышы мүмкүн”, - деди Чымбердиев.

Чымбердиев Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги 31 депутат калаанын бюджетиндеги 350 миллион сомду, республикалык бюджеттен бөлүнгөн 260 миллион сомду бөлүштүрүүсү шарт экенин айтты. Ал эми шаардык кеңеште азчылыкты түзгөн “Ата Журт” менен “Өнүгүү Прогресс” фракциялары көпчүлүк коалиция биринчи сессияны мыйзамсыз өткөрүп, төраганын орун басарын да эреже бузуу менен шайлады деп прокуратурага кайрылганын билдирип, буга байланыштуу жыйынга барбай жатышкандыктарын кабарлады.

Мыйзам боюнча биринчи уюштуруу сессиясын шаардык кеңештин мурдагы төрагасы чакырат. Бирок булар 29-июнда биринчи сессияны 18 депутат өздөрү эле чакырып алган. Биз мурда тарап кетпедик беле, булар ошону негиз кылып өздөрү чакырып алышкан. Бирок биз төрага шайлабасак да анын орун басарын шайлаганбыз. Мурдагы чакырылышта биз да ушундай жол менен төраганын орун басарын шайлаганда КСДПчылар бизди сотко берип, прокуратура бизге эскертүү берген. Эми биз да прокуратурага кайрылдык. Азыр жооп келе элек”, - деди шаардык кеңештеги “Өнүгүү Прогресс” фракциясынын лидери Майрамбек Адылбеков.

29-июнда шаардык кеңештин 18 депутаты биринчи сессияны ачып, көпчүлүк коалиция түзүп төраганын орун басарын шайлашкан. Күн тартибиндеги төрага шайлоо азчылыктагы эки фракция жыйынга келбегендиктен сессия 11-июлга андан соң 2-августка калтырылган. Бирок бул күнү да депутаттар чогулбай 4-августта шаардык кеңештеги көпчүлүк коалициянын 16 депутаты бюджетти кароону чечкен.

Азчылыктагы “Ата Журт” менен “Өнүгүү Прогресс” фракцияларынын депутаттары бул тууралуу маалыматы жок экенин жана көпчүлүктүн бюджетти өз алдынча кароо аракети мыйзамга каршы келерин айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан