Хиросимадагы жардыруунун курмандыктарын эскерүү иш-чарасына Кыргыз мамлекети да катышат

Япониянын Хиросима жана Нагасаки шаарларындагы атомдук жардыруу болгонуна ушул жылдын 6-августунда 72 жыл толот. Американын куралдуу күчтөрү тарабынан II Дүйнөлүк согуштун аягында болгон жардыруунун курмандыктарын эскерүү иш-чарасына Кыргыз мамлекети да катыша тургандыгын Japan Today басылмасы жазып чыкты.

Анда белгиленгендей, 6-августта өтө турган иш-чарага дүйнөнүн 80 өлкөсүнүн өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. Кыргыз мамлекети менен Зимбабве Япониянын жыл сайын өткөрүлчү аза күтүү иш-чарасына биринчи жолу катышат.

"АКШнын Япониядагы жаңы элчиси азырынча Токиого келе элек болгондуктан, иш-чарага элчиликтин ишенимдүү өкүлү келет. Улуу Британия, Франция, Орусиянын өкүлдөрү да келери күтүлүүдө. Эскерүү 6-августта эртең менен саат 8:00дө шаардагы Мемориалдык паркта башталат. Өткөн жылдагы эскерүү иш-чарасына 91 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан", - деп жазылат маалыматта.

АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн атомдук жардыруусунан улам аталган шаардын 140 миң жашоочусу көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан