Ош облусунун жетекчисинин орун басары Япониянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

21-майда Ош облусунун жетекчисинин орун басары Байыш Юсупов Япониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коикэ менен жолугушту. Жолугушууда билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо, айыл чарбасы жана экономикалык карым-катнаштарды жакшыртуу боюнча маселелер талкууланды. Аталган мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, Байыш Юсупов элчи Такаюки Коикэге Ош облусуна жасаган иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, "Япония менен Кыргызстандын мамилеси күн санап жакшырып жатат. Буга мисал биздин президентибиз Алмазбек Атамбаевдин Японияга барып, бир катар келишимдерге кол коюп келгендигин айтсак болот. Биз Япония өкмөтү жана япониялык инвесторлор менен иштөөгө абдан кызыктарбыз",- деди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан