Мээрбек Мискенбаев жаңы кызматка дайындалганын, айлыгы 80 миң сомго жетерин айтты

Депутат Өмүрбек Текебаев өзүнө козголгон иш боюнча 7-августтагы соттук отурумда суралып жатып, мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаев "Мегакомдун" жетекчисине кеңешчи болуп дайындалганын, айлыгы 150 миң сом экенин айткан эле.

"Угушумча айлыгы 150 миң сом экен. Аны Атамбаев дайындады да. Мына ушул "Мегакомду" Атамбаев башкарып келе жатканына дагы бир далил. Мээрбек Мискенбаев 7-апрелде каза болгондордун 3 миллион сом акчасын уурдаган деп шектелип, кылмыш иши козголгон", - деген.

Бүгүн, 8-августта Мискенбаев SUPER.KG'ге "Мегакомдун" жетекчисинин кеңешчиси болуп 2 айга жакын убакыттан бери иштеп жатканын тастыктады.

"Текебаев айткандай айлык албайм, 80 миң сомго жетет" деди ал. Ошондой эле ал Текебаевдин иши боюнча соттун чечими чыккандан кийин аны менен өз алдынча сүйлөшүп аларын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Мискенбаев 2015-жылкы парламенттик шайлоодо КСДП фракциясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп, 2016-жылы 28-октябрда мандатын тапшырган. Ага "7-апрелде жабыркагандарга тийиштүү акчаны өзүнө ыйгарып алган" деген айып тагылган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
brit
2017-08-08 16:53:16
Дуракам везёт деген соз ушул киши жонундо айтылгандай го.
+12
nur...nur.
2017-08-08 17:05:38
80 мин сом айлык бул чон акча Кыргызстанда эмне иш кылат анчалык кенешчиге ушундай айлык толошсо олдуго
+5
Take_men
2017-08-08 17:07:56
Бул кантип депутат болуп калган тан калам. Кенешчи дегени куйдурот да. Кенешчинер кут болсун Мегаком
+9
nurbek56
2017-08-08 17:12:21
Тынарга жап жаны ойлор пайда болуп атса керек ха ха ха болот
+12
Aza17
2017-08-08 17:13:46
Негизи текенин жазган мыйзамы бойунча эле парламетке да министирликтерге да жалан анкоо билими жок эл душмандары келип алды. Кызыгы ошол эле анкоолор текени торго камашты.негизи даражалуу кызматтарга акчалуу байларды эмес, билимдуулорду ирилеп татаал тестерден откоруп коюуу керек болчу.
+5
surgeon777
2017-08-08 23:11:30
Aza17,сен озунду билимдуу деп санайсынбы?Толтура ката менен жазып,теке-пеке деп жазгандар ушинтип Текебаевдин таламын талашпай эле койгула да,уят болбой,билимсиздер деп койгондорун айтсан)))...
+1
admin_superstan
2017-08-08 17:21:37
Jarookerjan, mirlan.tulanbaev, этика нормаларын сактаңыздар. Эскертүү!
-1
Nevestkaa
2017-08-08 18:18:56
Ушулар тойбогон учун биз онукпой журобуз да ар жакта тентип.Бир айда ошончо акчаны аш кылып салса аппетити да крокодил экен.Бай атасынын арыгын чаап койду эле май кол сут кол жерге орноштуруп койду.
+5
rusi0005
2017-08-08 18:29:23
озу кыйшык болсода мегакомдун кенешчиси суйлосун болтад экенда
+5
RusMos76
2017-08-08 19:41:42
80мин айлык 80мини премия деп алышат кыйраткансып!
+3
ayjan_90
2017-08-08 22:14:13
Озуну пияр кылыштан тажабайт экен да бул киши
+2
kenjebek_a
2017-08-08 23:30:34
Ириген партиядан чириген кадр чыгат.Накта ХХХХ.
+3
admin_superstan
2017-08-09 09:33:35
kenjebek_a, этика нормаларын сактаңыз. Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
kriss120
2017-08-08 23:35:53
Куудул депутат болчуда бул.
+1
tynara81
2017-08-09 01:29:42
Кантип ал жакка жумушка кирип калыптыр. Резюмеси кандай жазылыптыр? Кандай критерийлер менен жумушка алышат экен!
0
tynara81
2017-08-09 01:30:21
Жогорку комменттерде жазылган элдин оюн окуйт бекен бул Мискенбай ...
0
admin_superstan
2017-08-09 09:07:42
SansaNePredaiJohna, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан