14-июлдан 5-августка чейин Ливанда өткөн сулуулук сынагына Кыргыздын атынан катышканын билдирип, бирок сынактын финалына Армениянын атынан чыккан Сусанна Егорян өзү тууралуу айтылып жаткан сындарга социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жооп берди.
"Биринчиден, мени сынакка мамлекет жиберген жок, өзүм кеттим. Экинчиден, сынактын эрежеси боюнча кээ бир учурда өзүбүз көрсөтүп жаткан мамлекеттин, айрым учурда өзүбүздүн улутубуздун атынан чыгуубуз керек эле. Муну менен биз 2 өлкөнүн тең атынан катышууга укуктуу болмокпуз. Мындан улам мага жана өз улутунан башка өлкөнүн атынан катышкан кыздарга экиден лента берилген. Эмнеге мынча ызы-чуу кылып жатасыңар, түшүнбөйм.
Мен кыргыз элин саткан жокмун да. Ливанга өзүм учуп баргандыктан, анын үстүнө мен кетерде "ушул кыздын ордуна кыргыз кызы барса болмок" деген бир канча кептер айтылган соң сынакка өзүмдүн улутумдун атынан деле чыксам болмок. Бирок мен антпестен Кыргыздын атын даңазаладым", - деген ал.
Бирок Сусаннанын сынактын алгачкы турларында Кыргыздын атынан чыгып, финалда жана сыйлык тапшыруу аземинде бир гана Армениянын атынан чыкканы кызуу талкуу жаратууда. Ал эми бул боюнча ага байланышсак, ал "мен эле 2 өлкөнүн атынан катышкан жокмун. Андай катышуучулар көп эле болду. Андыктан өз өлкөмдү саткан жокмун" деген жооп узатты.