Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Рух Ордо" маданий комплексинде "Айтматовдун чыгармаларын барактай" аталышындагы таштан жасалган скульптуралар боюнча симпозиум өтүүдө. Буга байланыштуу комплекстин аймагына тажрыйбалуу калыстар тобу тарабынан тандалып алынган 10 кыргыз скульпторунун эмгектери коюлган.
Уюштуруучулардын бири Виктория Убраимова жергиликтүү скульпторлорду колдоо максатында аталган иш-чараны өткөрүп жатышкандыгын билдирди.
"Симпозиум коомдук ишмерлердин демилгеси менен өткөрүлүп жатат. Буга чейин скульпторлорго сынак жарыяланып, ага 40 адам катышкан. Анын ичинен 10 скульптордун бийиктиги 2 метрден 7 метрге чейин жеткен эмгектери ачык асман алдындагы музейге коюлду", - деди ал.
Иш-чарага Чолпон-Ата шаарынын мэри, Ысык-Көл районунун акими жана Айтматов таануучулар катышып, 10 скульпторго ар бирине 100 миң сомдон сыйлык тапшырылды.