Бүгүн, 10-август күнү президенттикке талапкер Калмамат Мактымбаев мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча сынакты тапшырууда 24,6 балл алып өтпөй калды.
Бул мурун сынакка кирген талапкерлерге салыштырмалуу эң төмөнкү балл. Буга чейин бир гана талапкер Руслан Жунусов 46,1 балл алып өтпөй калган эле.
Талапкер Мактымбаевдин пикири боюнча, ал компьютерден тестти жакшы тапшырып, бирок оозеки сынактан кулап калды.
"Компьютерден тест тапшырууда жалпысынан жакшы жооп бердим десем болот. Кийин оозеки тапшырганда кулап калдым. Оозеки жооп берип жатып, бир аз оппозициялык маанайда да сүйлөп койдум эле. Ал да негизги себептерден болду окшойт деп ойлоп жатам. Мен мектепти кыргыз тилинде бүткөм. Жакшы эле тапшырам деп ойлоп жаткам. Алдын ала машыгуу үчүн 4 жолу келип сынак тапшырып жакшы эле натыйжаларга ээ болгом. Биринчи келип тапшырганда 81 балл алдым, кийинкисинде 85, андан соң дагы 2 жолу келип, 90 баллдан алгам", - дейт Мактымбаев.
Айта кетсек, Мамлекеттик тил сынагынан өтүү - президенттикке талапкерлерди каттоодогу негизги үч талаптын бири. Президенттик шайлоого ат салышмакчы болгондор мындан тышкары кеминде 30 миң шайлоочунун колун топтоп, 1 миллион сом күрөө төгүшү керек. Ошондон соң гана БШК аларды талапкерликке каттайт.
Бүгүн 4 талапкер мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча сынакты тапшырмак, алардын ичинен Исхак Масалиев 82,25 балл, Арсланбек Малиев 64,27 балл, Казыбек Шайымбетов 79,37 балл алышып сынактан ийгиликтүү өтүштү.