Бүгүн, 10-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Анын жүрүшүндө жарыш сөзгө чыккан Чотоновдун жактоочусу Марат Эшперов айыптоо тарап жетиштүү далилдерди келтире албаганын айтты.
"Айыптоо тараптын негизги күбөлөрү Маевский жана Модиндин көрсөтмөлөрүндө дал келбестиктер бар. 300 миң доллар алган Маматкеримовдун көзү өтүп кетти. 700 миң доллар алган славян улутундагы адамдын өздүгү тергөөдө аныкталган жок. Маевский "300 миң долларды спорттук сумкага салып алып келип бергем" дейт. Ал эми Модин компьютердин сумкасында болгонун айтат. Мыйзам боюнча айыптоо тарап далилдерди келтириши керек. Мамлекеттик айыптоочулар Базаркуловдун көрсөтмөлөрүн тастыктаган кошумча далилдерди көрсөтө алган жок. Айыптоо корутундусунда коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы кандай коркунучтар келтирилгени көрсөтүлгөн эмес. Ал эми Чотонов менен Текебаевдин кайда болгонун, кимдер менен жолукканын тастыктаган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн жана башка бир канча кошумча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү бири-бирин толуктап, тастыктады. Ал эми айыптоо кортундусунда менин жактоомдогу Чотоновдун аракетинде кылмыштын курамы камтылган эмес. Урматтуу сот, ушул негиздемелерди карап чыгып, мыйзамдуу чечим чыгарып берүүңүздү суранам", - деди Эшперов.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.
Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.