Бүгүн, 16-августта Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды. Отурумда жактоочу Канат Хасанов жарыш сөзүн сүйлөп жатат.
“Бул кылмыш иши кайдан пайда болгонун айтып берсем. 21-февралда орус ишкери Текебаевдин үстүнөн арыз жазганын бүтүндөй кыргыз эли көрдүк. Мен бул арызды Леонид Маевский бийликтин буюртмасы менен жазганына ишенем. Үч айдын ичинде бул буюртма менен козголгон кылмыш иши сотко жетти. Бул иште мамлекеттик айыптоочулар жана тергөөчүлөр бир да далилди табышкан жок. Бул кылмыш иши эмес, саясий иш. Бул саясий шоу. Биз сиз менен анда актёрлордун ролунда болдук. Бул кылымдын соту болду. Кыргыз тарыхында Текебаевдин өмүр баянына окшогон бир да адам жок. Текебаевди каралоо иштери 2016-жылы Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккандан тартып башталган. “Белизгейт” деген жасалма документти УКМК коомчулукка алып чыккан. Мында Текебаевдин, Салянованын, Шыкмаматовдун аттары аталып, ири суммадагы акча алып 2012-жылы "Мегакомду" сатууга аракет кылган деп айтылган. Бирок документтердин жасалмалуулугу каталар жана ички паспорттор колдонулганы менен эле далилденип калган”, - деди Хасанов.