Камакка алууга издөө салынган адамдарды экстрадициялоо чаралары тууралуу мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди

Бүгүн, 22-майда ЖКнын жыйынында депутаттык топтор тарабынан иштелип чыккан "Кылмыш-процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилердин бири Элмира Жумалиеванын айтымында, сунушталып жаткан мыйзам долбоору өлкөлөр ортосундагы алакаларды жакшыртууга жана экстрадициялоо институтун бекемдөөгө, камакка алууга издөө салынган адамдарды экстрадициялоо чараларын ыраатташтырууга багытталган.  

"Адамдарды экстрадициялоо, анын ичинде кылмышкерлерди издөө жана жоопкерчиликке тартуу маселеси эркин миграция жана башка өлкө жарандыгын алуу шартында көптөгөн кыйынчылыктарды жаратууда. Иш жүзүндө эл аралык келишимдер түзүлбөй, улуттук кылмыш-процессуалдык жаатындагы мыйзамдар аркылуу жөнгө салынбай калган учурлар көп кездешет. Эл аралык деңгээлде издөө салынган адамдарды Кыргызстандын аймагында кармоонун, же тескерисинче, Кыргызстандын укук коргоо органдары издеген адамдын чет өлкөдө кармалышынын укуктук негиздери азырынча ачык бойдон калууда",- дейт баяндамачы.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан