Орусиянын Биринчи каналы "Пусть говорят" телеберүүсүнүн жаңы чыгарылышы тууралуу жарнамасын алпаруучулар Дмитрий Борисов жана Андрей Малаховдун сүрөттөрүнүн коштоосу менен жарыялады.
Анда кимиси алпаруучу болору айтылган эмес, бирок жаңы чыгарылышы бүгүн, 14-августта болору маалым болду. Буга чейин ЖМКлардын айрым булактары Андрей Малаховго арналган телеберүүнүн чыгарылышы Дмитрий Борисовдун алып баруусунда тартылганын билдиришкен.
"Дождь" телеканалынын билдиргени боюнча, бул чыгарылыш Андрей Малахов жумушунан кетсе эфирге чыгаруу үчүн тартылган. Каналда иштеген стилист Влад Лисовец РИА Новости басылмасына бул чыгарылыш тартылып жатканда Андрей Малахов студияда болбогонун айтып, Малаховдун жоктугунун себептери айтылбаганын билдирген.
Андрей Малахов Биринчи каналдан кетери тууралуу сөздөр июль айынын соңунда тараган. Анын жакындарынын бири алпаруучу телеберүүнүн жаңы продюсери менен иштеше албай жатканын билдирген. Ошол эле учурда Малахов декреттик өргүүгө уруксат ала албай калганы үчүн жумуштан кетип жатканы да маалымдалган.
Андрей Малахов "Пусть говорят" телеберүүсүн 2005-жылдын август айынан тарта алып барган. Ал эми Дмитрий Борисов Биринчи каналда 2006-жылдан бери иштеп, алгач таңкы жаңылыктарды, кийин кечки, 2011-жылдан тарта "Время" берүүсүн алып барып келет.