Эки көзү көрбөй калып, операция жасатып көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон Жайлообек өзүнө ылайыктуу жумуш издейт

Эки көзү көрбөй калып, Орусиядан операция жасатып келген Жайлообек Талип уулу өзүнө ылайыктуу жумуш издейт. Ал буга чейин ден соолугу начарлап кеткендиктен иштеп жаткан жумушун таштап, үйүндө отуруп калган. Каарманыбыз учурда жумуш издеп жатканын бүгүн, 16-августта SUPER.KG порталына билдирди.

"Бир учурда эки көзүм тең көрбөй калып, катуу кыйналган элем. Ошондо эл арасынан кайрымдуу адамдар жардам берип, көзүмө операция жасатып келдим. Азыр баары жакшы, өз алдымча басып калдым. Эгерде мага ылайыктуу жумуш болсо, иштеп үй-бүлөмдү багышым керек. Буга чейин аялымдын жетегинде басып жүрсөм, эми иштей да алам", - деп билдирди Талип уулу.

Ал кийим тигүү жайларында, дүкөндөрдө жүк түшүрүп, товар тизген сыяктуу жумуштарды жасай аларын кошумчалай кетти.

Эске салсак, буга чейин Жайлообек Талип уулунун жаш үй-бүлөсү жардамга муктаж болуп, ал эми Жайлообектин көзүнө операция жасоо үчүн каражат жетишсиз болуп жатканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jaku2017
2017-08-16 10:50:50
Жакшы жанылык!Жардам берген туугандарга Аллаh ыраазы болсун!Чон соопко ээ болдунар деп ойлойм!
+4
grace
2017-08-16 11:50:03
Жардам бериңиздер, кайрымдуу мекендештер!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан