"Бүгүнкү күндө Кыргызстанда чет өлкөлүктөр менен бирге бизнес кылуу үчүн аябай ыңгайлуу шарттар түзүлгөн". Мындай сөздү Экономика министри Темир Сариев бүгүн, 22-майда Бишкекте өткөн улуттук агрардык форумда айтты. “Айыл чарба бизнесин алып барууну жеңилдетүү үчүн өкмөт жер салыгынан башка бардык салыктарды алып таштады. Биздин өлкөдөгү салык тартиби Борбор Азияда эң либералдуу болуп саналат. Мындай жол менен өлкө инвестиция үчүн ачык жана чет элдиктерге өз бизнесин алып барууга жеңилдик түзөт. Бул багытта бизде электр энергиясы жана башка чыгымдар үчүн баалар төмөн”,- деди Сариев.