Magnum Awards 2017 сынагынын "Документалдык цикл" категориясындагы жеңүүчүсү бельгиялык фотограф Ник Ханнес Дубайдагы байлардын жашоосун сүрөткө тартып алган. Бул композициясын "Нан жана оюн-тамаша" деп атаган.
"Дубай эң эле сонун, ошол эле маалда буга каршы болгон да көрүнүштөр бар. Бири аны жакшы көрсө, бири сындайт. Сүрөттөрүмдү көргөндөргө өз оюмду таңуулагым келбейт. Ар бири өзүнүн жашоо тууралуу түшүнүктөрү жана тажрыйбасына жараша тыянак чыгарсын", - деген Ник Ханнес.
"1960-жылдардагы чаңдаган балыкчылардын шаары болгон Дубайдын бир заматта заманбап ири шаарга айланышы сүйүүчүлөрүн да, сынчыларын да суктандырат" деп жазат Ханнес долбоорунун баяндамасында. Анын көп сүрөттөрү ойлондурат жана башка тараптан кароого түрткү болот.
"Дубайдын тургундарынын 90 пайызы келишимдин негизинде иштеген башка өлкөлөрдүн жарандары (экспат). Бул түркүн топто көңүлдү бай сегментине бурууну чечтим. Бул топтун өкүлдөрү кайсы жакта көп убакыт өткөрүшсө, ошол жакка бардым: түнкү клубдар, кум жээктер, тематикалык парктар, мейманканалар, соода борборлор".
Жасалма аралдары, дүйнөнүн ажайып жайларынын көчүрмөлөрү, имараттары менен Дубай байлардын тематикалык паркындай көрүнөт. Бирок фотограф бул көрүнүштү терең кароого аракет кылган.
Фотографтын айтымында, буга бельгиялык философ Ливен де Котердин "Капсулдук цивилизация" китеби себеп болгон.
"Де Котер коомдун бөлүнгөнүн сүрөттөйт: биринчиси, корголгон аралдардын топтомунда же "капсулалар топтомунда" жашоо жагымдуу, ал эми экинчисинде баш аламандык жана жакырдык".
Фотограф китептеги ойлор менен өзүнүн долбоорунун окшоштуктарын көрө алган.
"Дубайды шаарга айландыруу процесси "капсулизациялоо" көрүнүшүнөн элес калтырат. Жергиликтүү масштабда экспаттар менен эмгек мигранттар бөлүнүп турушат. Жалпысынан эмираттарды бир чоң "капсула", туруксуз Жакынкы Чыгыштагы коопсуз жээк катары көрсө болот", - дейт фотограф.
Ханнес өзүнүн сүрөттөрү менен кандайдыр бир так позицияны колдобосун баса белгилейт.
"Мунун баарын чындык дегенге акым жок, ошондой эле мен суроолорго жооп бербейм. Тескерисинче, мен теңсиздик, коомдун жашоого болгон жөндөмдүүлүгү, коомдук жашоонун "экономизациясы", ач көздүк тууралуу суроо бере алам. Менин долбоорум кимдир бирөөгө өзүн өзү анализдөөгө түрткү болот деген үмүттөмүн", - деген ал.