Орусиялык социалдык тармактын жана Telegram'дын негиздөөчүсү Павел Дуров өзүнүн социалдык баракчасына #PutinShirtlessChallenge хэштеги менен топлес сүрөтүн жарыялап, баарын Орусиянын президенти Владимир Путиндин артынан булчуңдары менен мактанууга чакырган.
"Путинден эки эреже - фотошоп менен өтө чыңалган булчуңдар жок болсун. Андай болбосо, сиз альфа эмессиз", - деген ал.
#PutinShirtlessChallenge хэштег менен сүрөт жарыялагандар көбөйүүдө. Ал эми биз сиздерге белгилүү мырзалардын чымыр денелеринин сүрөттөрүн тартуулайбыз.